Африка Биримдиги Уюму

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Африка Биримдиги Уюму - Африка континентинде негроид жана негроид болбогон расалар жашашат.

Бул расалар көпчүлүк учурларда өз ара кызматташтык алакада болот. Өзгөчө ушул убакка чейин бул континенттин күчтүү мамлекеттердин колониясы болуп келгендиги баарыбызга маалым. Анткени бул континентте табигый кендердин мол болушу анын колонияга айланышынын бирден бир себеби болгон. II Дүйнөлүк согуштан кийин бул континентте көптөгөн эгемендүү мамлекеттер пайда болду. Ошентсе да бул мамлекеттер жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына киргендиктен, бул жерде түрдүү проблемалардын болбой коюшу мүмкүн эмес. Ушундан улам кайсы бир тармак боюнча окшош иштерди жүргүзгөн бул континенттеги мамлекеттер кандайдыр бир биримдик же шериктештик курууга муктаж болушкан.

1963-жылы бул өлкөлөр Эфиопиянын борбору Аддис-Абебада уюм куруу жөнүндө чечим чыгарышкан. Бул келишимдеги негизги максат Африка өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана биримдикти өнүктүрүү, өзгөчө Африка континентиндеги колониализмдин изин жоготуу болгон. Алгачкы уюштуруучулар 30дан ашык Африка мамлекеттери болуп, кийинчерээк убакыттын өтүшү менен бул уюмга жаңы мамлекеттер кошулган. Учурда уюмга 49 мамлекет мүчө жана ар бир мүчө мамлекеттин президенти кезек менен 2 жылга уюмдун жетекчиси болуп шайланат.

Уюмдун туруктуу катчылыгы Аддис-Абебада жайгашкан. Өлкө башчыларынын ортосунда саммиттер уюштурулат. Өзгөчө Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда тез-тез жыйналыштар болуп, мында түрдүү континенталдык жана дүйнөлүк проблемалар каралат. Бул уюмдун болгондугуна карабастан, континентте бир канча коңшу өлкөлөр өз ара келишпөөчүлүккө барышууда. Айрыкча уюмга мүчө мамлекеттер да өз ара топторго бөлүнүп алышкан. Бул топтордун арасында Монровия тобу, Касабланка тобу сыяктуу топтор белгилүү. Кийинчереек булар чогулуп, жогорудагы уюмду түзүшкөн.

Колдонулган адабияттар

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9