Ааламдашуу жана мамлекет

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Ааламдашуу жана мамлекет - мамлекеттин өзү Ааламдашуу доорунда чоң өзгөрүүлөргө туш келе баштайт.

Ушундан улам Роберт Купер тарабынан сунушталган мамлекеттердин типологиясы көңүлдү өзүнө бурат. Ал боюнча, азыркы мезгилде мамлекеттердин үч түрү бар:

  • 1. «Азыркыдан кийинки», бул көбүнесе жер шарынын ар кайсы бурчтарында Ааламдашуу жүрүшүнө жигердүү катышкан өнүккөн батыш өлкөлөрү, Түндүк Американын, Батыш Европанын жана Чыгыш Азиянын индустриядан кийинки өлкөлөрү. Өлкөлөрдүн бул тобу өзүнө адамзаттын бешинчи бөлүгүн гана камтып турганы менен дүйнөлүк өнүгүштүн бардык чөйрөлөрүндөгү таасир берүүчү негизги каражаттарга ээ.
  • 2. «Азыркы» же салттык мамлекет-улуттар, негизинен Ааламдашуу жүрүшүнө анчалык тартылыша элек батыштагы эмес өлкөлөр. Акыркы 20-30 жылда өз аймактарында Ааламдашуу анклавы өңдүү бир нерсе түзүп алышкан, бирок аларга тышкы жана ички саясаттын багыттарын аныктоону уланткан салттуу коомдун зор дүйнөсү каршы турат. Бул көп учурда алардын өнүгүшүндөгү эки доминанттын карама-каршылыгын чагылдыруучу социалдык-экономикалык жана саясий кризистерге алып келет. Мамлекеттердин бул тобуна Чыгыш Европанын, Түштүк-Чыгыш жана Түштүк-Батыш Азиянын жана Латын Америкасынын көпчүлүк өлкөлөрү кирет.
  • 3. «Азыркыга чейинки» же азыркынын алдындагы, башкача айтканда мамлекет -

улут түзүү жолундагылар жана тарап кетүүгө ачык багыт алгандар. Бул топто дүйнөлүк жүрүштөрдөн өз алдынча бөлүнүү багыты, салттык багыттардын аябай басымдуулук кылаарлыгы байкалып турат. Ушуга байланыштуу чыныгы экономикалык жана саясий маселелерди чечүү экинчи катарда калат. Бул топко Африканын, Түштүк жана Түштүк-Батыш Азиянын, Латын Америкасынын айрым өлкөлөрүн кошууга болот. Азыркыга чейинки мамлекеттерди квази-мамлекет деп эсептесе болот, анткени андагы мамлекеттик институттар начар жана зомбулук аппаратына түздөн-түз, монополдук көзөмөл жүргүзө албайт.

Азыркы мамлекет көп деңгээлде улуттук эркиндик жөнүндөгү салттык көз караштарга толугу менен жооп берет. Анын эркиндиги оң мүнөздө болот, мамлекет улуттук өнөр-жайлуу экономикага ээ. Азыркы мамлекеттер ортосундагы мамилелер күчтүн тең салмактуулук негизинде курулушу ыктымал, бирок ошол эле учурда кызматташтык менен институтташтыруунун олуттуу элементтерин камтышы мүмкүн. Азыркыдан кийинки мамлекет - бул такыр бөлөк маселе. Бул жерде азыркы мамлекеттин негизинин өзү кол салуудан коргоону камсыз кылуучу эркиндик мурдагы маанисин жоготуп коёт. Азыркыдан кийинки мамлекеттер өздөрүнүн ички иштерине сырттан киришүүгө жол беришет, анткени алар анын ордуна, башкаруунун супер улуттук деңгээлиндеги таасир сыяктууларды алышат.

Ошентип, XXI к. биринчи жарымында дүйнөлүк саясатта улуттук мамлекеттин жана бардык өлкөлөрдөгү мамлекеттик бийликтин баркынын түшүшү күтүлөт. Бул А. менен шартталган. Азыркыга чейин Ааламдашуу жүрүшүнө улуттук экономикаларды, баарынан мурун өнүгүп бара жаткан жана өткөөл экономикалуу өлкөлөрдү кошкон, жалпыга бирдей «адилет» үлгү пайда боло калган жок. Ааламдашуунун мындай үлгүнүн жок шарттарында андан аркы өнүгүүсү жана улуттук мамлекеттин социалдык маанисинин төмөндөшү планетанын калкынын көпчүлүк бөлүгүнүн социалдык корголбогондугунун аябагандай катуу өсүшүнө, мунун натыйжасы катары дүйнөдө башкаруучу идеологиялык негиздер менен саясаттардын күтүлбөгөн өзгөрүүлөрүнө алып келиши ыктымал.

Колдонулган адабияттар

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8