Нурак Абдыракманов

Wikipedia дан
(Абдыракманов, Нурак барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search
Нурак Абдыракманов
Nurak Abdrahmanov.jpg
Азаттык үналгысынын сүрөтү
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Нурак Абдыракманов

Туулган датасы

19 -октябрь 1947(1947-10-19)

Туулган жери

Куртка айылы,
Ак-Талаа району,
Нарын облусу,
Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Өлгөн датасы

26 -май 2014(2014-05-26) (66 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек

Өлкө

Flag of Kyrgyzstan.svg Кыргызстан

Кесиптери

Комузчу,
Күүчү,
Ырчы-аткаруучу

Аспаптары

Комуз, Кыл кыяк, Темир комуз,

Активдүү жылдары

6 жашынан баштап

Кызматташтык

Франция «ОКОRA» мамлекеттик радиосу

Лейблдар

«Комузчу Нурак Абдырахманов» (1985)
«Нурак Абдырахманов ырдайт» (1987)

Сыйлыктары
  • КРнын эмгек сиңирген артисти
Super.kg: ID 595

Абдыракманов Нурак (19.10.1947, Ак-Талаа району, Куртка айылы - 26 май 2014) — комузчу, күүчү, ырчы-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Өмүр баяны

Нурак Абдыракманов - Токтогулдун Кербези
Нурак Абдрахманов.
Нурак - Абдрахмановдун концерти 2012. Презентация: Эн Белги.

Атасы Абдырахмандын таасири менен 6 жаш курагында комуз чертип [1] баштап, Тоголок-Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында «бала комузчу» деп атала баштайт. Себеби, 12 жаш курагында айылдык комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо, Ыбырай, Атай, Токтогул сыяктуу алп комузчулардын патефонго жазылган 40тан ашык күүлөрүн үйрөнүп, ар кандай концерт-салтанаттарда, сахналарда аткара билген.

1962 жылы, 15 жаш курагында эмгекчилердин өз демилгелүү кароо-сынагына катышып, райондо, облуста жана республикалык сынактарда, комузчулар арасында биринчиликти жеңип алган. Ошол жылдан баштап республикалык жана Бүткүл Союздук кароо сынактарда комуз өнөрчүлүгү боюнча байгелүү орундарга татыктуу болуу менен бирге ал учурдагы улуу устаттар Шекербек Шеркулов, Абдыкерим Мокоев, Асаналы Кыштобаев, Абдырахман Кыдырбаев сыяктуу көптөгөн улуу өнөрпоздордун таалимин алат. Алардын ар бири Нурактын жөндөмүн жогору баалап, күү чертүүдөгү татаал ыкмаларды жан дили менен үйрөтүшкөн. 1964 жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Токмоктогу Маданий-агартуу окуу жайына кабыл алынат.

Ал окуу жайды 1967 - жылы бүтүрүп, эмгек жолун өз айылындагы клубдун башчысы болуп иштөөдөн баштайт.

1967 жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүткөн.

1967 - 1970 жылдары Тоголок Молдо айылында клуб башчысы, 19701974 жылдары Ак-Талаа райондук маданият үйүнүн башчысы. Ал жылдарда маданият үйүнүн алдында комузчулар ансамблин, драмалык коллектив, хор коллективи жана эстрадалык ансамблди камтыган «Шаттык» аттуу өздүк көркөм чыгармачылык ийримин түзөт. Тез эле «Сайра комуз», «Тогуз кайрык», «Эл чыгармачылыгы» сыяктуу телесынактарга катышып, республикалык деңгээлде дайыма биринчи орундарды жеңип алып турган. Өнөрүң болсо өргө чап 1974 жылдан баштап Ак-Талаа райондук балдар музыкалык мектебине мугалимдик, кийинки жылы директорлук кызматка дайындалат (1982 жылга чейин ). 1976 жылы балдар музыкалык мектептеринин республикалык конкурсуна катышып гран-при сыйлыгын жеңип алып, Маданият министрлигинин «Ардак грамотасы» менен сыйланат.

Ошол жылдарда ал окуткан шакирттери балдар музыкалык мектептеринин республикалык конкурстарында жыл сайын байгелүү орундарды жеңип алуу менен ар кандай областтык, республикалык салтанат-жыйындарга концертке чакырылып турган.

19821986 жылдары Аламүдүн райондук маданият үйүнүн директору.

Чыгармачылыгы

Бир кыйла жогорку даражадагы сыйлыктарды жеңгенден баштап, өзүнүн чыгармачылыгында да олуттуу өсүштөр болуп, комузчулук өнөрүндө күү жаратуу жагына ык коё баштайт. Алгачкы «Кулунчак», «Ата мурасы» күүлөрүн жаратат. Кулунчак күүсү шакирттери тарабынан республикалык деңгээлдеги конкурстарда аткарылса, «Ата мурасы» деген күүсү кыргыз – казак аксакалдарынын көптөгөн ыраазылык каттарын алууга арзыйт. Ага катар Соң-Көл, Улуу-Тоолор деген күүлөрүн жаратып, күүчүлүк өнөргө ишенимдүү кадам таштайт.

1983-жылдан баштап Аламүдүн районундагы Аламүдүн совхозунун маданият үйүнүнүн башчысы болуп иштеп турган убакта республикада эң алгачкы «Мурас» фольклордук-этнографиялык ансамблин түзгөн. Ал ансамбль республикалык конкурстарда байгелүү орундарды жеңип жана 1986-жылы Москва шаарындагы Эл чарбасы жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө ийгиликтүү катышып келген.

1986-жылдан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын "Камбаркан" этнографиялык ансамблинин солисти.Камбаркан тобу 1987-жылы гана ачылган.

1987-жылы Маданият министрлигинин чечими менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын «Камбаркан» ансамблине ырчы-солист болуп кабыл алынган. Анын аткаруусунда элге белгисиз эң эски элдик күү, ыр-обондордон баштап ХХ кылымдын башында жашап өткөн Боогачы, Сыртпай, Сооронбек, Кашкаары, Атай, Муса, Калмураттардын чыгармалары элдин рух дүйнөсүнө жаңы дем менен тартууланып, сенсация жаратты.

Түркия, Германия, Франция, Бельгия, Португалия, Япония, Америка жана башка өлкөлөрдө гастролдо болгон.

Комузчу-аткаруучу катары

Нурак Абдрахмановдун концерти-2012. Презентация-Эн-Белги.
  • Сартбай,
  • Муса,
  • Атай,
  • Боогачы,
  • Жумамүдүн,
  • Бектемир жана башка ырларын өзгөчө чеберчиликте аткарат.

Абдыракманов "Ата мурас", "Соң-Көл", "Улуу тоолор", "Эне жүрөгү", "Жаңырык", "Шаттык", "Өмүр көчү" сыяктуу классикалык үлгүдө чыгарган күүлөрдүн автору.

Уста катары

Темир комуз, комуз[2], кыл кыяк жасайт, ээр чабат.

Күүлөрү жана ырлары

«Камбаркан» этнографиялык-фольклордук ансамблинин комузчулар ансамблине жетекчилик кылуу менен байыртан келе жаткан салттуу музыкабыздын билерманы катары насаатчылык милдетти дагы аткарууда. Нурак Абдырахмановдун күүлөрү өтө ар тараптуу жана түрдүү ыкмаларга бай.

Анын анчалык бийик деңгээлге көтөрүлүүсүнө табият тартуулаган комузчулук дараметинен сырткары, көптөгөн эски комузчулардан муундан-муунга өтүп, сакталып келген түрдүү ыкмаларды үйрөнүп калуусу себеп болгон. Анын аткаруусундагы күүлөр жана ырлар кыргыз калкы эле эмес дүйнө элдеринин сахналарында зор кызыгуу жаратууда. «Камбаркан» ансамбли менен бирдикте жана жеке өз бетинче чакыруулар менен барган эл аралык фестивалдарда дүйнөнүн элдерине көп жылдар бою кыргыз калкынын салттуу музыкасын жогорку деңгээлде даңазалап келди.

Сыйлыктары

  • 1992-жылы маданиятка сиңирген көп жылдык эмгегинин үзүрү катары «Кыргыз республикасына эмгек сиңирген артист» деген наам берилди.
  • 2001-жылы Самаркант шаарында ЮНЕСКО тарабынан уюшулган Салттуу ырлардын (Шарк Тароналары) эл аралык конкурсуна катышып, атайын байгесин жеңип, «Салттуу музыканын устаты» деген сертификатын алган.

Кыргыз элдик музыка казынасына күү багытында эң чоң эмгек сиңиргендиги музыка билермандары тарабынан жана эл ичинде өтө жогору бааланып келе жатат.

1979-жылдан баштап чыгарган «Ата мурасы», «Улуу тоолор», «Соң-Көл» баштаган 14 күүсү кыргыз музыка казынасын толуктады. Бул күүлөрү кыргыз музыкасында жаңы багыттагы табылгалар катары бааланып, Кыргыз радиосунун алтын казынасына 1983-жылдан баштап кабыл алынып, радио-теле берүүлөрдө өзүнчө жана ар кандай теле-радио берүүлөргө шөкөт катары дайыма уктурулуп, элдин сүйгөн чыгармаларына айланды. 1995-жылы ай сайын эки ирет көрсөтүлгөн «Күүнүн сыры» аттуу теле берүүдөн анын аткаруусундагы көптөгөн күүлөр жыл бою тарых-таржымалы менен кошо көрсөтүлүп турду. Ошончолук көптөгөн күүлөрдү кайталоосуз аткарып туруу, анын музыка багытындагы чоң дараметинин кашкайган далили.

Эмгектери

Нурак Абдырахмановдун аткарган жана чыгарган күүлөрүн даңазалаган эмгектеринен эң алгачкы жолу 1985-жылы «Комузчу Нурак Абдырахманов» деген аталыштагы грампластинкасы чыкты. 1987-жылы «Нурак Абдырахманов ырдайт» деген грампластинкасы, 1995-жылы Жапонияда, 1997-жылы Франциянын «ОКОRA» мамлекеттик радиосу тарабынан, 2001-жылы АКШда жана 2000-жылы Чехияда альбомдору чыгарылып, дүйнө элдерине уктурулуп жатат.

Анын көптөгөн чыгармаларына катар темир комуз үчүн чыгарылган «Жибек жол» деген күүсү сахналарында өтө кызыгуу менен кабыл алынууда. Ага катар «Так теке» өнөрчүлүгүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. 2007-жылы Бишкекте чыгарылган альбомунда өздүк чыгармаларынан «Аттилахан», «Азаттык камбаркан», «Улуу тоолор», «Сары-Өзөк», «Найман эне» жана башка көптөгөн күүлөрү жана «Бул дүйнө», «Аппак сүйүү тартуула!» сыяктуу обондуу ырлары бар. Андан сырткары 2009-жылы «Нурактын күүлөрү» деген аталыш менен анын чыгарган чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыкты.

Шакирттери

Устатчылык, кийинки жылдардагы жараткан зор ийгилиги катары анын улуу устаттардан алган тажрыйбасын жаш муундарга өткөрүү үчүн кылып жаткан аракети катары шакирттеринин ийгилигин атасак болот.

Ырчылык боюнча шакирти Бакыт Шатенов Республиканын Эмгек сиңирген артисти, Рахат Көчөрбаев комузчу–күүчү катары 2009-жылы комузчулар арасында өткөрүлгөн республикалык конкурста гран-прини жеңип алган.

Гүлжан Карабаева – «Камбаркан» ансамблинин баш комузчусу. Комузчулукту 8 жашынан баштаган Токтобек уулу Канат Түркияда өткөн балдардын музыкалык фестивалынын катышуучусу жана гран-при байгесинин жеңүүчүсү.

Кудабай кызы Адинай (12 жашта), Асыкбек уулу Кылымдар (8 жашта), Токтобек уулу Канат (11 жашта) 2008-жылы Парижде өткөн балдардын музыкалык фестивальына катышып, ал жерде көрүүчүлөрдү өтө таң калтырып, атайын сыйлыктарга татыктуу болуп келишти.

2009-жылы Тураталы кызы Айпери Стамбулда өткөн «Балдар фестивалынын королевасы» деген наамды жеңип, атайын сертификат жана баалуу сыйлыктарды алып кайтты.

Кудабай кызы Адинай менен Ишенбек уулу Эмил 2009–жылы Тажикстанда өткөн «Крыша мира» деген фестивалга катышып, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толуп келишти.

Алар бүгүнкү күнү Кыргыз теле-радио берүүлөрүнө такай чакырылып, ар кандай чоң концерттерге катышып, эл ичинде көптөгөн сенсациялуу ийгиликтерди жаратышууда.

Өзгөчө 6 жаштагы Советалы уулу Эрбол менен Асанбеков Улан экөөнүн чоңураак шакирттерден калышпай ансамблда ойноп жана «Таң булбулу», «Паровоз», «Көйрөң күү» сыяктуу чоң күүлөрдү жеке аткарып сахналарга чыгып жатышы элибизди таң калтырып жана ыраазы кылып жатышат. Ал ийгиликтерге Нурактын 1974-жылы музыкалык мектепке мугалимдик кызматка которулуусу себеп болгон. Анткени салтуу болуп эсептелген европалык кадимки нота комуз үйрөнүүдө ыңгайсыз болгондуктан Нурак өзүнчө нота жазуу ыкмасын ойлоп тапкан. Ошол «эн белгилер» аркылуу нота жазуу ыкмасы бүгүнкү комуз үйрөнүүчүлөр тарабынан өтө жогору баалангандыктан китеп болуп чыгып жатат.

Нурак комуздун добушун жакшыртуунун үстүндө 30 жылдан ашуун убакыт талыкпай изденип келген. Бүгүнкү күнү анын комуздарынын добушу калың элдин кадырлоосуна ээ болуп баштады.

Музыкадан сырткары

Музыкалык багыттан сырткары тарых менен алектенип, көп жылдык изилдөөлөрдөн соң «Улуу баян» аттуу 600 беттик тарыхый эссе китеби 2007-жылы жарыкка чыкты. Ал эмгекке Кыргыз тарыхынын 9 томдугун топтогон Кыргыз Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана тарых илиминин доктору Турду Жыргалбеков, ошондой эле Жусуп Баласагын атындагы Улуттук Университеттин профессору Ж. Жакыпбеков тарабынан жазылган пикирлери китептин илимий баалулугун аныктап турат. Нурак Абдырахмановдун чыгармачылыгы кыргыздын рух дүйнөсүнө барандуу салым кошуп, элибиздин бийик кадырлоосуна ээ болгон. Ал чыгарган жана аткарган күүлөрү менен ырлары музыка дүйнөсүнүн төрүнөн түбөлүктүү орун алууда.

Кызыктуу маалыматтар

  • Нурак Абдракманов 2004-жылы Бишкекте Американын “Ага-Хан” билим тануу борборунун көмөгү менен “Устат-шакирт” мектебин ачып улантууда[3].

Тиркемелер

  1. Нурак А.:Комузду биринчи жолу 5-классымда чапкам. presskg.com.
  2. Нурак А.:Комуз чабуу жөндөмү качан ойгонгон жана устачылык сизге кимден өткөн?. presskg.com.
  3. Нурак Абдракмановдун комузчулук мектеби. Кыргыз маданият борбору.

Колдонулган адабият

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Шилтемелер

Сырткы шилтемелер